Жыл башынан бери 26 377 миң балага сүйүнчү пул берилди

Үч эм наристелер. Иддюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, 1-мартка карата Кыргызстанда 26 377 балага бир жолу берилүүчү "Балага сүйүнчү" төлөмү берилди. Буга мамлекеттик бюджеттен 105,8 млн сом сарпталды.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, бир жолку "Балага сүйүнчү" төлөмү - 4000 сом. Эгерде үч эм, төрт эм же андан да көп бала төрөлсө, ар бирине 50 миң сомдон төлөп берилет.

"Балага сүйүнчү" төлөмүн алууга арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек. Сүйүнчү пул арыз берилген күндөн тартып 2 иш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт", - деп жазылган маалыматта.

"Балага сүйүнчү" төлөмүн РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасынан арыз берген күндөн тартып алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуу керек.

Министрлик арыз толтурган учурда уюлдук телефондун номурун так, туура көрсөтүү керектигин, акча которулганда билдирүү ошол номурга келерин да эскертти.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 2022-жылы 1380 эгиз, 13 үч эм жана бир төрт эм төрөлдү.

2022-жылы Кыргызстандын калкы 7 миллиондон ашкан.

Кыргызстанда 2018-жылдын 1-январынан тартып балага 4 миң сом сүйүнчү пул чегериле баштаган. (ZKo)

Дагы караңыз

“Кыргызгаздын” “Газпромго” өткөнүнө 10 жыл: Убада канчалык аткарылды?Орусия президентин шайлоо: "Путинге каршы чак түш" акциясы Айыл чарба министринин бардык орун басарлары алмаштыОрусияда президенттик шайлоого добуш берүү башталдыУКМК Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекетке өткөнүн билдирди