Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Төрөкулованын жана Асановдун иши кайра шаардык сотто каралат

Зарина Төрөкулова жана Кубанычбек Асанов

Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган активист Зарина Төрөкулованын жана Кубанычбек Асановдун иши Бишкек шаардык сотунда кайра каралмай болду. Мындай маалыматты шаардык соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

Маалыматка караганда, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы прокурор апелляциялык арыз менен шаардык инстанцияга кайрылган. Зарина Төрөкулованын иши 18- мартта, ал эми Кубанычбек Асановдун иши 19-мартта Бишкек шаардык сотунда каралат.

16-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту жарандык активист Зарина Төрөкуловага үч жылдык пробация мөөнөтүн берип, сот залынан бошоткон. УКМК Төрөкуловага социалдык тармактардагы “чагымчыл” билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” деген беренеси боюнча айып коюп, ал былтыр 11-сентябрда кармаган. Активист Фейсбукка бирөөнүн билдирүүсүн бөлүшкөнү айтылган.

Ал эми Фейсбукта "Куба Буба" деген аккаунттун ээси Кубанычбек Асановго Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-январда өкүм чыгарып, бир жылга абакка кесилген, бирок буга чейин абакта отурган бир күнү эки күнгө тете болуп, жазасын өтөп бүткөн деп эсептелген.

Кубанычбек Асановду атайын кызмат өткөн жылы 11-майда кармаган. Анын адвокаты Акин Токталиев кармалышына "Көчөдө жүргөн лөлүлөр Кыргызстандан чыгарылсын" деп, Фейсбукка пост жазганы себеп болгонун билдирген.

Асанов Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен күнөөлүү деп табылган.

Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган бир канча окуя катталган. (MKt)

Дагы караңыз

Айыл чарба министринин бардык орун басарлары алмаштыОрусияда президенттик шайлоого добуш берүү башталдыУКМК Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекетке өткөнүн билдирди Amnesty International “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына вето коюуга чакырды