Украина Орусиянын дрон жана ракета чабуулуна кабылганын билдирди

Украина. "Шахед" дрону кармалган учур. Архивдик сүрөт.

Украина 14-мартка караган түнү Орусиянын дрон жана ракета чабуулуна кабылганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан 36 “Шахед” дрону учурулганы, алардын 22си атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Сумы облустук администрациясы кабарлагандай, Сумы, Шостка, Ахтырка жана Белополье шаарларынын жарандык инфраструктурасына дрон соккусу урулду. Харьковдун бийлиги С-300 баллистикалык ракетасы айрым имараттарга тийгенин, жарылуу болгонун билдирди.

Фронтто соңку суткада 79 жерде, айрыкча Новопавловка, Авдеевка жана Лиман багыттарында кагылышуу болгонун, орус аскерлери эки ракеталык жана 65 авиациялык. ал эми жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан 93 жолу сокку урганын Украинанын Башкы штабы кабарлады.

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын 24-февралында кабылган. Согуш ошондон бери уланууда. Орусия бул согушту “атайын аскердик операция” деп атап келет. (RK)

Дагы караңыз

Парламентте "Чет элдик өкүл" мыйзамы үчүнчү окуудан талкуусуз өттүКыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди Депутат министр Бейшеналиевди "кылмыштуу топторго тиешеси бар" деп сындады "Абдыш-Ата" футбол клубу АФК Кубогунун жарым финалына чыкты