Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

"Абдыш-Ата" футбол клубу АФК Кубогунун жарым финалына чыкты


"Абдыш-Ата" жана "Тайчунг-Футуро" командаларынын беттеши. Тайван. Гансюн шаары. 13-март, 2024-жыл.
"Абдыш-Ата" жана "Тайчунг-Футуро" командаларынын беттеши. Тайван. Гансюн шаары. 13-март, 2024-жыл.

Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу Тайвандын Гансюн шаарында өткөн беттеште "Тайчунг-Футуро" командасын 3:1 эсебинде утуп, АФК Кубогунун жарым финалына чыкты.

Беттештеги голдорду "Тайчунг-Футуронун" катарынан Эстама Бенчи (2-мүнөттө), "Абдыш-Атанын" оюнчулары Фархад Мусабеков (60-мүнөттө), Магамед Узденов (63-мүнөттө) жана Нурлан Сарыкбаев (81-мүнөт) киргизди.

Муну менен "Абдыш-Ата" АФК Кубогунун жарым финалына чыккан Кыргызстандын алгачкы клубу болуп калды.

6-мартта Бишкекте өткөн эки команданын биринчи беттешинде да "Абдыш-Ата" футбол клубу 5:0 эсеби менен уткан.

Эми Абдыш-Ата" клубу "Одиша" (Индия) жана "Централ Кост Маринерс" (Австралия) командаларынын жеңүүчүсү менен беттешет.

Жарым финалдык беттештер апрелде өтөт. Мында "Абдыш-Ата" үйдө жана конокто ойнойт.

АФК Кубогунун 2023-2024 сезонунда тайпалык баскычтагы оюндарына 36 клуб катышып, тогузу плей-офф баскычына чыкан.

АФК Кубогу - Азия футбол конфедерациясы уюштурган мелдеш. Ал рейтинги төмөн, АФКнын чемпиондор лигасында ойной албаган өлкөлөрдүн футболдук клубдары үчүн түзүлгөн. Кыргызстандык футбол клубдар АФК Кубогуна 2014-жылдан бери катышып келет. Мелдешке өлкө чемпиондугун уткан команда менен Кыргызстандын Кубогун уткан эки клуб жолдомо алат. Буга чейин бул мелдешке "Алай", "Дордой" жана "Нефтчи" командалары катышкан.

“Абдыш-Ата” клубу 2001-жылы негизделген. Эки жолу Кыргызстандын чемпиондугун уткан. (GT)

XS
SM
MD
LG