Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди

Жер титирөө учурунда сыртка качып чыккан тургундар. Бишкек. 23-январь, 2024-жыл

Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 14-март күнү саат 10:49да Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жерде очогунда күчү 3,4 баллды түзгөн жер титирөө катталды.

Силкинүү Ош облусунун Араван районунун Мангыт, Кочубаев жана Кызыл-Коргон айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө 1-мартта да катталган. Силкинүү Ош облусунун Араван районунун Керкидан, Ноокат районунун Найман айылдарында 3 балл болгон.

Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандын аймагында жер бир нече жолу силкинди.

23-январга оогон түнү, саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги силкинүү Жети-Өгүз районунун “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга жеткенин, баштапкы маалыматтар боюнча андан кыйроолор жана жапа чеккендер жок экенин кабарлаган. (ZKo)

Дагы караңыз

"Газпром Кыргызстан" мунай өндүрүү планы менен бөлүштүКыргызстан Адамдык өнүгүүнүн индексинде 117-орунду ээледиКыргызстан жылына 1,4 млн тонна күйүүчү май керектейт"Абдыш-Ата" футбол клубу АФК Кубогунун жарым финалына чыкты