Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:48

Кыргызстан жылына 1,4 млн тонна күйүүчү май керектейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан бир жылда 1,4 млн тонна күйүүчү май керектейт. Ал эми күнүнө 3 миң тоннадан ашуун күйүүчү май сарпталат. Мунун ичинен бензин – 1781 тонна, дизелдик күйүүчү май - 1507 тонна.

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги 14-мартта маалымдап, Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы турукташканын билдирди. Ага ылайык, 14-мартка карата өлкөдө бензиндин Аи-92 үлгүсү орточо 62 сом 10 тыйын, ал эми дизелдик күйүүчү майдын литри 70 сом 60 тыйын турат.

Ушул эле үлгүдөгү бензиндин баасы Казакстанда 40 сом 80 тыйын, Орусияда 49 сом 50 тыйын, Тажикстанда 81 сом 60 тыйын, Өзбекстанда 76 сом 70 тыйын турат.

Экономика жана коммерция министрлиги учурда Кыргызстанда күйүүчү май керектүү өлчөмдө бар экенин белгиледи.

13-декабрда Монополияны тескөө кызматы Мунай ташуучулар ассоциациясы менен келишим түзгөн. Ага ылайык, мунай ташуучулар күйүүчү майды убагында алып келүү, баасын негизсиз көтөрбөө, жергиликтүү базарда күйүүчү майдын таңсыктыгына жол бербөө милдетин алышкан.

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 2022-23-жылдары кескин кымбаттап, Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы Бишкекте 65 сомго чыгып, аймактарда 70 сомдон ашып түшкөн. (ZKo)

--

XS
SM
MD
LG