Адвокат Акин Токталиев сот жараянына киргизилген жок

Адвокат Акин Токталиев сот жараянына киргизилген жок. Бишкек.13-март, 2024-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын бири, саясатчы Кубанычбек Кадыровдун адвокаты Акин Токталиев 13-мартта сот жараянына киргизилген жок.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту адвокат Акин Токталиев адвокаттык лицензиядан тышкары Адвокатурага мүчө болууга тийиштигин белгилеп, аны 21-февралдан берки сот жараяндарына киргизбей келет.

Ал күнү ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков Токталиевдин “адвокаттык лицензиясы жок экенин” жүйө келтирип, ал иштен четтетилерин маалымдаган.

Адвокат судьянын мындай билдирүүсүнө нааразы болуп, Тартип комиссиясына арызданганын 26-февралда “Азаттыкка” кабарлаган. Ушундай эле маселе 6-марттагы отурумда да катталып, соттук отурум талаш-тартыш менен коштолгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активист 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 28 кишинин 12си тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.(TAb/ZKo)

Дагы караңыз

"Кызамык оюнчук эмес": Эмдөөдөн эмнеге баш тартышат?Мандатынан ажыратылган депутаттар боюнча комиссия түзүү сунушталдыДепутат Атазов башкы прокурор Зулушевди сындадыОрусия: Мигранттар кесиби боюнча гана иштөөгө милдеттүү болот Парламентте Суеркулов көчөсүндөгү имараттын маселеси дагы көтөрүлдү