Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:22

Парламентте Суеркулов көчөсүндөгү имараттын маселеси дагы көтөрүлдү


Талаш жараткан имарат. 1-март, 2024-жыл.
Талаш жараткан имарат. 1-март, 2024-жыл.

Жогорку Кеңештин 13-марттагы жыйынында депутаттар Шарапаткан Мажитова, Надира Нарматова, Мирлан Самыйкожо жана Дастан Бекешев Бишкектин Суеркулов 16/1 дарегиндеги имаратта жашаган тургундардын күчтөп чыгарылып жатышы боюнча кайрадан маселе көтөрүштү. Алар адамдардын жашап жаткан жеринен суукта көчүрүлүшү туура эмес болгонун айтып, өкмөткө алардын маселесин чечип берүү сунушун беришти. Ушул эле тема тууралуу депутат Талант Мамытов да пикирин айтты.

“Бир жагынан мыйзамдар аткарылышы керек. Бул жерде талаш жок. Бирок мыйзам баарына бирдей иштеш керек деп ойлойм. Турак жай кодекси боюнча күн суукта бир да адам жашаган жеринен чыгарылбашы керек. Эгерде чыгарылса ал мыйзамсыз болот. Мыйзам иштесе баарына бирдей иштеш керек. Прокуратура мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн орган катары көңүл бурушу зарыл. Мына азыр кар жаап жатат. Алар каякка барат?”, - деди Талант Мамытов.

Суеркулов 16/1 дарегиндеги имараттын айланасындагы маселелер парламенттин 6-марттагы жыйынында да көтөрүлгөн.

Бишкектин Суеркулов 16/1 дарегинде жашаган имараттагы маселе өткөн айда башталган. 9-февралда талаштуу имаратка Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев баштаган шаар бийлиги келип, жашап жаткан 60тан ашык үй-бүлөгө 1-мартка чейин чыгып кетүүнү эскерткен.

Тургундар батирлерди мыйзамдуу сатып алышканын, башка жакка көчпөй турганын айтып чыгышкан. 1-мартта көп кабаттуу имараттын электр жарыгы өчүрүлүп, суу берүү токтотулганын айтты. Орто-Сай базарынын жанындагы имаратка милиция кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери келген.

Жашоочулар мындан кийин да үйдөн чыгуудан баш тартып, мэр менен кайра кездешкен. Алар президентке жана депутаттарга кайрылып, жардам сурашкан.

Былтыр апрелде Жогорку сот бул имараттын жашоочулары менен “Квартал-Строй” компаниясынын келишимдерин мыйзамсыз деп тапкан. “Квартал Строй” ишканасынын директору Асыл Талиповага соода жайын мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Имарат “Нур-Жаннат-ЛТД” компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлгөн. Бул ишкана Бишкек мэриясынан коммерциялык муктаждыктар үчүн деп белгиленген 12 сотых жерди 49 жылга ижарага алган. “Нур-Жаннат-ЛТДнын” юристи Нурбек Сабиров буга чейин курулушка чет өлкөлүк инвесторлор 3 миллион доллар салганын, жалданма компания “Квартал-Строй” элге батир кылып сатып жибергенин айткан.

Курулуштун долбоору боюнча 9 кабаттуу имараттын эки кабаты бизнес үчүн, жогорудагы кабаттары жумуш кеңсеси деп пландалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG