Молдова орус бийлигинин Приднестровьеде шайлоо бекеттерин ачуу ниетин айыптады

Орусиянын Молдовадагы элчиси Олег Васнецов.

Молдова Орусия бийлиги ортодогу келишимдерге карабастан жикчил аймагы Приднестровьеде шайлоо участокторун ачып жатканын билдирди. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бүгүн 12-мартта билдирүү таратып, Орусия президенттик шайлоого карата бул аймакта кошумча алты шайлоо участогун ачуу тууралуу чечим кабыл алганын, ошол себептен орус элчиси Олег Васнецовго расмий түрдө протест айтылганын маалымдады.

Буга чейин борбор калаа Кишиневдо орусиялык жарандардын добуш берүүсү үчүн бир шайлоо бекетин ачуу макулдашылган. Бирок, Молдова бийлигинин маалыматына караганда, Москва Приднестровьеде дагы алты бекет ачууну көздөөдө.

«Мындай аракеттер эл аралык укук нормаларын бузуу деп эсептелет, Молдованын суверенитетине жана аймактык бүтүндүгүнө шек келтирет», – деп белгиленди министрликтин билдирүүсүндө.

Өткөн айда Молдовадагы өзүн Приднестровье жумурияты деп атап алган орусиячыл жикчил аймагынын депутаттары Орусиянын парламентине кайрылып, аларды «коргоо чараларын көрүүнү» өтүнүшкөн.

Украина, Румыния жана Кара деңиз ортосунда орун алган Молдова көп учурда Москва менен Батыштын таасир талашынын чордонунда болуп келген. Кырдаал Москва Украинага басып киргенден кийин ого бетер курчуду. Анын үстүнө Принденстровьеде орустардын бир миңден ашуун аскердик контингенти жайгашкан.

Молдова Еврошаркетке кошулуу арызын 2022-жылдын мартында тапшырып, ошол эле жылдын июнунда талапкер макамын алган. Украина Приднестровье менен чек арасын жаап койгон.

Орусияда президенттик шайлоо 17-мартта өтөт. Анда негизги талапкер президенттик бешинчи мөөнөткө аттанып жаткан Владимир Путин болууда. (RK)

Дагы караңыз

11 журналисттин иши: Үчөө үй камагына чыкты, калганы абакта калдыЭл аралык астронавттар тобу Жерге кайттыРумынияда чуулгандуу британиялык блогер кармалдыОн бир журналисттин иши: Махабат Тажибек кызы алты, Азамат Ишенбеков беш жылга кесилди