Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:43

Эл аралык астронавттар тобу Жерге кайтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

SpaceX компаниясынын эл аралык экипажды космоско алып барып келген Crew Dragon кемеси бүгүн 12-мартта Жерге кайтты. Космостук кеме АКШнын Флорида штатынын жээгиндеги Мексика булуңуна келип түшкөнүн NASA билдирди.

Эл аралык космостук станциядан "Роскосмостун" космонавты Константин Борисов, NASAнын астронавты Жасмин Могбели, Европалык космостук агенттиктин (ESA) астронавты, даниялык Андреас Могенсен жана Жапониянын Аэрокосмостук изилдөөлөр агенттигинин (JAXA) астронавты Сатоси Фурукава кайтып келишти.

Бул эл аралык экипаж Космоско былтыр август айында барган.

Алардын ордуна иштей турган астронавттар тобу SpaceX капсуласы менен Космоско өткөн аптада жетти.

Орусиялык космонавттардын америкалык Crew Dragon кемелеринде жана америкалык астронавттардын орусиялык "Союз МС" кемелеринде учуп, кызматташуусу тууралуу келишим 2022-жылдын июлунда кабыл алынган. Кийин бул келишим мөөнөтү 2025-жылга узартылганы маалым болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG