Синоптиктер 13-15-мартта Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, суук жанданарын билдиришти.
13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Күндүз көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорго кар түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз -1…+4;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 2…4° жылуу болот.
Дагы караңыз
Аскерден качып, кайра өз ыктыяры менен келгендерге мунапыс берилетУКМК орусиялык ишкерге "Көлбаевдин тобун каржылаган" деп издөө жарыяладыОблустук гезиттерди жеке чарбалык эсепке өткөргөндөн кийин үч басылма жабылдыАфтандил Жоробековдун сотунда эксперт көрсөтмө берди11 журналисттин иши: Сапарбек Акунбеков үй камагына чыкты