Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Облустук гезиттерди жеке чарбалык эсепке өткөргөндөн кийин үч басылма жабылды


Гезит окуп отурган окурмандар. Архивдеги сүрөт, иллютсрация үчүн колдонулду.
Гезит окуп отурган окурмандар. Архивдеги сүрөт, иллютсрация үчүн колдонулду.

Кыргызстандагы 12 облустук гезитти бюджеттен каржылоо токтотулуп, редакциялар жеке чарбалык эсепке өткөндөн кийин үч басылма жабылды.

Алар Нарындагы “Теңир Too”, Ысык-Көлдөгү “Вести Иссык-Куля” жана Оштогу “Эхо Оша” гезиттери экенин “Азаттыкка” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Облустук гезиттерди чарбалык эсепке өткөрүү жөнүндөгү Министрлер кабинетинин токтому 2023-жылдын 12-декабрында чыккан. Документке ылайык, 2024-жылдын 1-январынан 12 облустук гезитти бюджеттен каржылоо токтотулган.

Гезиттердин айрымдары совет мезгилинде, кээ бирлери өлкө эгемендик алганда түптөлгөн. Алар:

Ошто үч редакция - “Ош жаңырыгы”, “Уш садоси” (өзбекче) “Эхо Оша” (орусча);

Чүйдө эки редакция - “Чүй баяны”, “Чуйские известие” (орусча);

Жалал-Абадда эки редакция – “Акыйкат”, “Жалал-Абад тонги” (өзбекче);

Ысык-Көлдө эки редакция - “Ысык-Көл кабарлары”, “Вести Ысык-Куля”;

Таласта “Талас байрагы”;

Баткенде “Баткен таңы”;

Нарында “Теңир Тоо” редакциялары.

Өкмөт бюджеттик чыгашаларды оптималдаштыруу максатында мамлекеттин карамагындагы жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоонун алгачкы этабын 2019-жылы баштаган. Министрлик гезиттер интернет форматына өтөрүн билдирген.

Облустук маалымат мекемелерине бөлүнүүчү мамлекеттик каражаттын өздөштүрүлүшүн оптималдаштыруу максатында медиа-борборлор ачылган.

Ал эми бюджеттен акча бөлүнүп келген 34 райондук гезитти каржылоо 2018-жылы токтотулган. (SE)

XS
SM
MD
LG