Депутат Айбек Осмонов Кыргызстанга кайтып келгенин билдирди

Айбек Осмонов.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Түркияда дарылануусу аяктаганына байланыштуу 11-мартта Кыргызстанга кайтып келгенин билдирди. Бул тууралуу ал 12-мартта “Азаттыкка” берген комментарийинде айтты.

27-февралда vb.kg сайты парламенттеги жеке булактарына шилтеме берип “депутаттар Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов чет өлкөгө шашылыш чыгып кеткенин” жазган. Ушундай эле маалыматтар социалдык тармактарда да тараган.

28-февралда эки депутат акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыкканы белгилүү болгон.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени жүйө келтирилген.

22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. 2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

Айбек Осмонов буга чейин “Азаттыкка” берген комментарийинде Райымбек Матраимов менен жердеш экенин, бирок эч кандай байланышы жок экенин айткан.

Бишкектин административдик соту 1-мартта Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Соттун чечимине ылайык, депутаттык мандат Абдурахманхажи Муртазалиевге берилет. Шайлообек Атазов соттун токтому “мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетиргенин” айткан. Ал да Түркияда дарыланып жатканын жана өлкөгө кайтып келерин билдирген.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

Райымбек Матраимов коюлган айып боюнча пикирин билдире элек. Анын кайда экени да белгисиз. (BTo)

Дагы караңыз

Бильярдчы Каныбек Сагынбаевге эки кылмыш иши козголдуМамлекеттик ипотекалык компанияда 100 миңге жакын адам кезекте туратУкраинадагы согуш: Рим папасы тараптарды сүйлөшүүгө чакырды Казакстанда аялын өлтүрүүгө айыпталган экс-министр күнөөсүн четке какты 11-март: 11 журналистти бошотуу талабы, Орусияда мигранттарды текшерүү, “Оскардын” жеңүүчүлөрү