Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:34

Бильярдчы Каныбек Сагынбаевге эки кылмыш иши козголду


Ички иштер министрлиги (ИИМ) тараткан сүрөт.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкектеги спорт мектептеринин биринин жетекчиси кармалып, кайра үй камагына чыгарылганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек мэриясынын дене тарбия спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору арыз менен кайрылып, спорттук шаймандар толук эмес экенин билдирген. Жыйынтыгында бюджетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө ал спорт мектебинин директору (С.К.) кызматына дайындалып жатканда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу Башкаруу жана бизнес институтунун дипломун бергени белгилүү болгон. Бирок ал диплом С.К. наамына берилгени архивдик документтердин, окуу жайдын өздүк курамы боюнча буйруктардын арасында көрсөтүлбөгөнү такталган.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Документтерди жасалмалоо” беренеси менен иш козголду.

Шектүү кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту шектүүнү үй камагына чыгарган.

ИИМ тараткан инициалдар Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резерв окуу жайынын жетекчиси, бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку (2007, 2010, 2014-жылдардагы) чемпиону Каныбек Сагынбаевдин аты-жөнүнө туура келет. Ал бул кызматка 2021-жылы дайындалган. Спортчу акыркы окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG