Президент Садыр Жапаров “Саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Мамлекет башчынын сайтына 11-мартта чыккан маалыматта саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө көрүлүп жаткан чараларга карабай, калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатындагы көйгөйлөр чечилбей жатканы айтылат.
Маселенин негизги себеби катары материалдык-техникалык камсыздоонун жетишсиздиги, бюджеттен бөлүнгөн каражатты натыйжасыз пайдалануу, кадрдык тартыштык белгиленген.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишмердиги сынга алынып, ал түзүлгөндөн тартып 25 жылдын ичинде өнүкпөгөнү, кызматтар негизинен республикалык бюджеттин каржыланып жатканы жазылган.
Ушул маселеге байланыштуу кабыл алынган жарлыкка ылайык, 2024-жылдын 1-июлуна чейин базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын каржылоо механизмдерин реформалоону жүргүзүлөт.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу – саламаттык сактоо тармагында жарандардын укугун камсыз кылууга багытталган социалдык коргоонун мамлекеттик формасы деп мүнөздөлөт. Анын максаты жарандарын сапаттуу медициналык жана профилактикалык жардам менен камсыздоо.
1996-жылдан бери фондду ондон ашык жетекчи башкарды. Азыр Азамат Муканов жетектейт. (SE)
Дагы караңыз
Минск соту БелаПАН агенттигин жоюуну чечти Караколдо аскер бөлүгүндө кармалгандардын экөө бошотулду Экс-депутат Бакировдун иши боюнча сот чечими өзгөртүүсүз калды Газа тилкесине убактылуу порт курулат