Мамлекеттик бюджеттен социалдык төлөмдөр үчүн 62,7 млрд сом каралган

Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылы мамлекеттик бюджеттен социалдык төлөмдөр үчүн 62,7 млрд сом каралды. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.

Ага ылайык, бул каражат жумушсуздук, оору, майыптык, багуучусун жоготкон үй-бүлөлөргө берилүүчу жөлөк пул, пенсионерлердин пенсиясынан тартып акысыз билим берүүгө сарпталуучу чыгымдарга чейин сарпталат.

Социалдык төлөмдөргө бөлүнүп жаткан быйылкы чыгаша былтыркыдан дээрлик эки эсеге чукул көп, тагыраак айтканда былтыр бул максатта 35,8 млрд сом бөлүнгөн.

Чыгашалардын өсүшү - пенсиянын базалык бөлүгү көбөйүшүнө жана мамлекеттик жөлөк пулдардын жогорулашына байланыштуу болгону кабарланды.

Былтыр 1-октябрдан пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38% жогорулаган. Социалдык фонд 2024-жылы пенсиялык төлөмдөрдүн камсыздандыруу бөлүгүн 7% көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканы кабарланган.

Учурда Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 9300 сом.

Соцфонддун былтыр 1-ноябрдагы эсебине ылайык, Кыргызстанда 764 миң пенсионер бар. Алардын 400ү 50 миң сомдон көп пенсия алышат. Ал эми эң аз пенсия 1800-2000 сомду түзөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2023-жылы Кыргызстанда пенсия курагындагылардын жашоо минимуму 6878 сом деп эсептелген.(ZKo)

Дагы караңыз

Жапония "Социалдык келишимдин" катышуучуларын окутууну каржылайт Жапаров: Мамлекет бардык диний көз караштарды урматтайт Балбан Эрназар Акматалиев Түркиядагы мелдеште алтын тагындыЗеленский папа Францисктин Орусия менен сүйлөшүү сунушун четке какты"Вечерний Бишкектин" доосу боюнча "Кактус Медианын" журналисти 100 миң сом айыппул төлөдү