Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:33

Балбан Эрназар Акматалиев Түркиядагы мелдеште алтын тагынды


Эрназар Акмталиев.
Эрназар Акмталиев.

Түркиянын Анталья шаарында өткөн күрөш боюнча Yasar Dogu & Vehbi Emre-2024 аталышындагы эл аралык мелдеште кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев алтын медал утту. Ал эми дагы бир кыргыз балбаны Тайырбек Жумашбек уулу коло медал тагынды.

Акматалиев 70 килограммга чейинки салмакта мелдешке катышып, жалпы төрт беттеш өткөрдү. Финалда ал монголиялык балбан Тулга Очир Тумурдун далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Ал эми балбан Тайырбек Жумашбек уулу 61 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, коло байге утту. Жалпы эсепте эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы бул мелдештен үч алтын, төрт коло медал утушту. Буга чейин Бекзат Алмаз уулу менен Улукбек Жолдошбеков алтын байге утса, Орозбек Токтомамбетов, Бекболот Мырзаназар уулу жана Алмаз Сманбеков коло медал тагынышты.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы мелдештен сон. 10-март, 2024-жыл.
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы мелдештен сон. 10-март, 2024-жыл.

Аталган эл аралык мелдештен грек-рим күрөшүнөн - Жоламан Шаршенбеков, кыз-келиндер күрөшүнөн - Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы алтын медалга ээ болушкан.

Андан сырткары Калмира Билимбек кызы, Үзүр Жусупбеков, Автандил Таалайбек уулу коло медал утушту.

7-мартта башталган Yasar Dogu & Vehbi Emre-2024 эл аралык мелдеши 10-марта жыйынтыкталды. Ага 25 өлкөдөн 600дөн ашуун спортчу барган. (GT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG