Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Жапаров: Мамлекет бардык диний көз караштарды урматтайт


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мусулмандардын ыйык Рамазан айы менен куттуктады. Жапаров куттуктоосунда орозо кайрымдуулуктун, жана адеп-ахлакты бекемдөөнүн айы экенин белгилеген.

“Берекелүү бул айдын кириши менен момун мусулмандар орозо кармап, Жаратканга ишенимин чыңдап, руханий азык алууга, арууланууга ниет кылышат.

Кымбаттуу кыргызстандыктар! Өлкөбүздүн эртеңи үчүн элибиздин ынтымагы менен бейпилдиги өзгөчө мааниге ээ! Мына ошондуктан мамлекет бардык диний көз караштарга, ишенимдерге терең урматтоо менен мамиле жасайт. Бул улуу айда жалпы кыргызстандыктарга бакубат жашоо, тынчтык жана жакшылыктарды каалайм! “Жашоодо эң күчтүү курал – бул акыл, эң күчтүү чеп – бул сабыр” деген накыл кеп сыңары, билим алуу менен катар сабырдуу болууга умтулалы”, - деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

11-мартта Ислам дининдеги ыйык Рамазан айы башталды. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы 10-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде тарава намазы окулуп, дүйшөмбүдөн орозо кармаларын билдирген.

Бул айда мусулмандар 30 күн орозо кармап, таң аткандан күн батканга чейин тамактанышпайт, суу ичпейт. Рамазан айы 10-апрелде Айт майрамы менен жыйынтыкталат. Айдын чыгышына карап, бир күнгө айырмаланышы мүмкүн. (TSh)

XS
SM
MD
LG