Ушул тапта өлкөдө административдик-аймактык реформанын алкагында айыл өкмөттөрүн бириктирип, аймактарды ирилештирүү жүрүүдө. Бул айрым аймактарда нааразылыктар менен да коштолууда.
Өткөн жыл соңунда “Айыл аймактарды жана шаарлардын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” президенттин жарлыгы жарыяланган эле. Документке ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.
"Биздин пикир эске алынган жок"
Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы жергиликтүү кеңештин депутаты Кайрат Сагынбаев аймактарды ирилештирүүдө элдин пикири эске алынбады деп эсептейт:
"Биз айылдык кеңештин сессиясында биригүүгө макул эмеспиз деп токтом чыгарганбыз. Биз реформага каршы эмеспиз. Болгону Өзгөрүш менен Кең-Арал айылдарына кошулганга каршыбыз дегенбиз. Анткени алардын бюджети аз жана башка оош-кыйыш маселелер бар эле. Бул биздин пикир да. Муну эске албай эле төраганы чакырып кол койдуруп алыптыр. Аны кандай кылып кол койдурганын билбейм. Төрага кеңештин атынан өзү эле чечим чыгарууга акысы жок да. Неге биздин пикир эске алынган жок десек, аким жыйын өткөн, төрага кол коюп берген деп жатат. Балким, документ жүзүндө таза болгондур, бирок чындыгында ушундай".
Ушул эле айылдын тургуну Максат Жанчыкулов реформанын жүрүшүндө айыл өкмөттөрдү жана жергиликтүү кеңеш төрагаларын дайындоодо дагы нааразылыктар болгонун айтты:
“Үч айыл өкмөт башчысын жумуштан бошотуп, алардын бирин Биримдик айыл өкмөтүнүн башчысы деп дайындаптыр. Эми мен таң калып жатам. Күбөлүгүбүз Юстиция министрлигинен өтүп, колубузга тийбесе, мындай айыл өкмөт жок дегенди түшүндүрөт. Анан жок айыл өкмөткө башчыны дайындап койдубу? Ушул жерде чоң суроо жатат. Жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлаптыр, андай айылдык кеңеш бизде жок. Каттоодон өтүп күбөлүгү болбогондон кийин жок деп эле айтабыз да”.
Дагы караңыз Аймактык реформа: элет эмнеге нааразы?Бакай-Ата районунун акиминин биринчи орун басары Сейдимар Мамбетов кандай гана өзгөрүүлөр болбосун, нааразылыктар болбой койбойт дейт. Ал баары мыйзам чегинде жүргөнүн билдирди:
"Биз президенттин жарлыгын, Министрлер кабинетинин төрагасынын чечимдерин, токтомдорун аткарабыз. Реформа мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүп жатат. Эми нааразылыктар болот экен, ар биринин өзүнүн ою бар".
Президент Садыр Жапаров 2022-жылы 18-октябрда “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” жарлык чыгарган. Мунун алкагында пилоттук долбоор катары Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айыл аймактар ирилештирилип, 13 айыл аймагы 5 айыл аймакка бириктирилген.
Ушул эле райондо жашаган, атын атагысы келбеген айылдык кеңештин депутаты реформанын жүрүшүндө жергиликтүү элдин пикири эске алынбай калганын айтат:
"Реформага макулсуңарбы деген сессияда кээ бир кеңештерде депутаттар каршыбыз деп добуш берген. Бирок төраганы чакыртып, ал токтомду өзгөртүп келгиле деп кыстаптыр. Кыйноо жолу менен эле токтомдор кабыл алынды. Кийин башка жерлерден сурасам деле ушундай болуптур".
"Телефондогу тиркемени түшүнбөгөндөр бар"
Ошондой эле депутат айыл өкмөттөр бириккени менен, маалымкат алуу үчүн алыска барууга туура келгенин кошумчалады. Анткени "Түндүк" тиркемесин түшүнбөй жаткандар бар дейт:
"Мисалы, жашаган жери тууралуу аныктама алыш керек болсо Калкты тейлөө борборуна баргыла деп жатпайбы. Ал жактан фамилиясын таппай калып, канча бир аралыктагы айылга барып алып жатышат. Кайра эле элге кыйынчылык болуп жатат. Түшүндүрүү иштерин жүргүзсө деле калк арасында ар кандай адамдар бар да. Мисалы, телефонду жакшы колдоно албаган жашы өтүп калган же балдары үйдө жокто кыйналгандар көп кездешип жатат".
Дагы караңыз Административдик-аймактык реформа: коомдогу сын, президенттин жарлыгыПрезиденттин жарлыгы боюнча өлкөдөгү 452 айыл аймагы 235 айыл аймакка бириктирилип жатат. Документке ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болууда.
"Элдин пикири эске алынат"
Экономика жана коммерция министрлигинин аймактарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искендер Маматовдун айтымына караганда, аймактарды ирилештирүү боюнча жергиликтүү бийликтин сунушу 1-апрелге чейин аякташы керек. Андан соң республикалык деңгээлдеги мекемелер аралык комиссиянын кароосуна коюлат. Маматов элдин пикири эске алынат дейт:
"Комиссия тактап, толуктап, ишенимдүү болгондон кийин Министрлер кабинетине киргизилет. Ал болсо тиешелүү чечимдерди Жогорку Кеңештин кароосуна 1-июнга чейин берет да, парламентте тийиштүү мыйзам кабыл алынат. Ошол мыйзамда элдин мүдөөсү, жер-жерлердеги кайрылуулар эске алынат. Жарандарыбызга туура келбеген чечимдер кабыл алынбайт деп ишенимдүү айта алам".
Ошондой эле Маматов жаңы түзүлүп жаткан айыл өкмөттөрдүн каттоосу тууралуу буларды айтты:
"Жарлыктын негизинде ишке ашып жатат. Булар бири-бирине бириктирип, өткөрүп бере турганын өткөрүп, актылардын баарын толтуруп, бюджетти ж.б. документти тактап, анан юстицияга барып, каттоодон өтөт. Биринчи каттап алып анан иш жүргүзөм дегидей бул ишкана эмес".
Дагы караңыз "Жергиликтүү бийликке көп укук берилсе, туруктуу өнүгүү болот"Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасыдыков административдик-аймактык реформага эл арасында нааразы болгондор бар экенин айтып, долбоорду ишке ашырууда коомчулуктун пикирин эске алууга чакырган.
"Түшүндүрүү иштери жетишерлик эмес"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев аймактарды бириктирүүдөн мурун мыйзам кабыл алынышы керек экенин айтууда. Ал ошондой эле реформа тууралуу түшүндүрүү иштери жеткиликтүү жүрбөй жатканын билдирди:
"Ирилештирүүнүн алкагында баарын тактап, мыйзам менен бекитиш керек да. Кыргызстан боюнча аймактар өзгөрүп жатпайбы. Мындан сырткары ирилештирүү жүргөндө жергиликтүү кеңеш депутаттары кайра шайланышы керек. Азыр эми элге реформаны түшүндүрүү иштери жетишерлик жүргүзүлбөй жатат".
Башынан эле өкмөт “реформанын максаты - элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга өбөлгө түзүү, жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин күчөтүү, ошондой эле чечимдерди ыкчам кабыл алуу, жергиликтүү бийликтин ишмердигиндеги коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу” деп айтып келүүдө.
Азыркы тапта Кыргызстанда 1981 айылда 32 шаардык жана 452 айылдык административдик-аймактык бирдик бар. Талдоолор боюнча анын ичинен бир гана айылдан турган 67 айылдык аймак бар жана аларда калктын саны көп эмес. Бирок ал жерлерде айыл өкмөтү жана ага жараша бюджети, кызматкерлери каралган.
Дагы караңыз "Жарлыкты аткаруу керек". Бишкектин депутаттары 235ке көбөйдү