Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги жана Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен 9-март күнү аз камсыз болгон жарандарга жардам берүүгө багытталган келишимге кол койду.
Кол коюлган келишимдин алкагында Кыргызстандын Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында жашаган тургундарына инфратүзүмдөр камсыз кылынып, ун, өсүмдүк майы ж.б. азыктар берилет, жарандардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу аркылуу жакырчылыктан чыгууга жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле “Социалдык келишимдин негизинде жардам көрсөтүү” программасынын катышуучуларын окутууга 3,5 млн доллар бөлүнөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, буга чейин Жапония өкмөтүнүн колдоосу менен Баткен облусунда өрүк майын өндүрүүчү, Нарын облусунда дары чөптөрдү кайра иштетүүчү ишканалар ачылып, кошумча жумуш орундары түзүлгөн.
Мекеменин маалыматында, соңку 1,5 жылдын ичинде аталган долбоорго жакыр жана колу жука 13 миңге жакын үй-бүлө тартылды. Алардын басымдуу бөлүгү (71%) каражатты айыл чарба багытында иш баштоого жумшады.
Аталган министрлик буга чейин "Социалдык келишимдин" негизинде ишкерлигин мыкты жүргүзгөн үй-бүлөлөргө 200 миң сомго чейин үстөк пайызсыз насыялар берилерин билдирген.
Бул долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын социалдык жактан аялуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан тартып ишке ашырылып жатат.(ZKo)
Дагы караңыз
Жапаров: Мамлекет бардык диний көз караштарды урматтайт Балбан Эрназар Акматалиев Түркиядагы мелдеште алтын тагындыЗеленский папа Францисктин Орусия менен сүйлөшүү сунушун четке кактыМекаччи: “Чет элдик өкүл” мыйзамы коомдун өнүгүшүнө жолтоо болот "Вечерний Бишкектин" доосу боюнча "Кактус Медианын" журналисти 100 миң сом айыппул төлөдү "Талибан" CASA-1000 долбооруна кошулду