Бишкекте Charge fast пирамидасын уюштурууга шектүү кармалды

Финансы пирамидасын уюштурууга шектүү адам. ИИМдин сүрөтү.

Кылмыш-жаза кодексинин "Каржы пирамидаларын уюштуруу" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарында Charge fast (тез заряд) пирамидасынын негизги уюштуруучусу деген шек менен 43 жаштагы С.С. аттуу жаран кармалды. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымдагандай, учурда анын дагы башка кылмыштарга катышы бар-жогу аныкталууда.

Ушул аптада Биринчи Май милициясына 100дөн ашуун жаран Charge fast компаниясынын ээлерине карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Алар акчаны эки эсе көбөйтүп беребиз деген убада менен көп суммадагы акча каражаттарын топтоп алышкан. Андан кийин из жашырышкан.

"Тез заряд" компаниясынын уюштуруучусу деген шек менен буга чейин бир нече киши кармалган.

ИИМ мурдараак 2023-жылы каржы пирамидаларына байланыштуу 358 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 217 иш сотко жөнөтүлгөнүн, 98и боюнча ушул тапта тергөө иштери улантылып жатканын билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Майя Санду Орусия Молдованын евроинтеграциясына бут тосушу ыктымал экенин айттыОрусия үч аймакта Украинанын алты учкучсуз учагы жок кылынганын билдирди УКМК "Кумтөр" менен кызматташкан кылмыштуу топ аныкталганын билдирди Кызамыкка чалдыккандар 5 миңге чукулдады