Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Майя Санду Орусия Молдованын евроинтеграциясына бут тосушу ыктымал экенин айтты


Майя Санду.
Майя Санду.

Молдова бүгүн 7-мартта Франция менен коргоо жана экономика тармагындагы кызматташтык тууралуу макулдашууга кол койгону жатат. Өлкө президенти Майя Санду Парижде 7-8-март күндөрү болору, бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү кабарланды.

Сапарын утурлай Digi24 телеканалына курган маегинде Санду президенттик шайлоо жана Евробиримдикке мүчө болуу маселеси боюнча референдум алдында Орусия бул өлкөдөгү туруктуулукту бузууга, европалык интеграцияга карай жолунан адаштырууга аракеттенип жатканын айтты.

«Москва эмнени каалап жатканын баарыбыз жакшы билебиз. Москва Молдовадагы туруктуулуктун бузулушун каалайт. Ушундай шартта Молдованын парламенти Евробиримдикке кошулуу боюнча референдумду колдойт деп үмүттөнөм», - деди ал.

Бир нече күн мурда Молдованын Чалгын жана коопсуздук кызматы Орусиянын Молдованын Москванын көптөгөн жылдардан берки таасиринен арылуу жана Батышка жакындоо аракетин үзгүлтүккө учуратуу планы бар экенин эскерткени маалым болгон.

Санду Молдованын чыгыш тарабындагы коңшусу Украина эки жылдан бери Орусиянын агрессиясынан кутула албай келатканын белгилеп, мындай шартта өз өлкөсү да мындай коркунучтан өзүн коргоого жөндөмдүү болушу зарылдыгын белгилдеи.

Европанын түштүк-чыгышындагы бул өлкөдө президенттик шайлоо быйыл ноябрда өтөт. Евробиримдикке мүчө болуу аракетин Молдова соңку он жылдан бери көрүп келе жатат. Былтыр 14-декабрда Европа Биримдигинин Кеңеши бул боюнча сүйлөшүү баштоо чечимин кабыл алган. (RK)

XS
SM
MD
LG