Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:35

Орусия үч аймакта Украинанын алты учкучсуз учагы жок кылынганын билдирди


Брянск.
Брянск.

Орусиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн үч аймагында Украинанын алты учкучсуз учагы жок кылынганын 7-мартта билдирди. Учактардын бири Курск облусунда кармалганы, үчөө Брянск облусунда, дагы экөө Тула облусунун аймагында жок кылынганы кабарланды.

Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

6-мартта Курск облусунун Железногорск шаарындагы Михайлов тоо-кен байытуучу комбинатында украиналык учкучсуз учактын соккусунан кара май сакталып турган жайда өрт чыкканы маалымдалган. Украина Орусиянын бул айыптоосуна комментарий берген эмес.

Украина Орусиянын 2022-жылдын 24-февралында баштаган толук масштабдуу согушуна каршы күрөшүн улантууда. Орус бийлиги кол салуусун "атайын аскердик операция" деп атап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG