Баткен жана Кара-Суу округдарындагы шайлоого биринчи талапкерлер арыз берди

Кыргызстандагы шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

№2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин арыздарын кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Баткен округуна Алимберди Бегматов аттуу жаран, Кара-Суу округуна Ганишер Бадалов аттуу жаран арыз берди.

Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу 26-мартка чейин уланып, аларды каттоо 8-апрелге чейин ишке ашат. Үгүт иштери 8-апрелден 27-апрелдин таңына чейин жүргүзүлөт.

4-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык аталган эки округда өтчү шайлоо 28-апрелге белгиленген.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди өздөрү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.

Искендер Матраимов 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Кара-Суу районунан, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Искендер Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун агасы.

Нурлан Ражабалиев 2021-жылы 27-январда “Коррупция” беренеси боюнча соттолгон. Тергөөнүн маалыматында, Райымбек Матраимов, Ош бажысынын мурдагы жетекчиси Нурлан Ражабалиев жана Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев Бажы кызматында коррупциялык схема түзүп, Кыргызстан аркылуу Тажикстан жана Өзбекстанга өтө турган ар бир машинеден акча алып турганы айтылган.

Жыйынтыгында Ражабалиев бюджетке келтирилген чыгымдын ордун толтуруш үчүн 12 млн сом, андан кийин сот чечимине ылайык дагы 260 000 миң сом төгүп берген. Абдыбахаб Боронбаев 8 млн сом төлөгөн. Ал да 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыяланган.

Бишкектин административдик соту 1-мартта 2022-жылдын февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Соттун чечимине ылайык, депутаттык мандат бул округда өткөн шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге берилет.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып тагылган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында кыргыз бажысында башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген. (ErN)

Дагы караңыз

Cадыр Жапаров: Токтогул суу сактагычынан суу сатуу мүмкүн эмесДепутат кыргыз жараны Тажикстанда тыңчылыкка шектелип кармалганын айттыБишкек быйыл өзү 24 млрд сом таап, республикалык бюджеттен дээрлик 7 млрд сом алатДепутат “Тез заряд” каржы пирамидасына катуу чара көрүүнү талап кылдыАтазов мандатын алуу боюнча соттун чечимине комментарий бердиКыргыз өкмөтү кытайлык компания менен чогуу "Почта банк" деп аталган банк ачатКыргызстандын аймагында жер титирөө болду