Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:06

Кыргыз өкмөтү кытайлык компания менен чогуу "Почта банк" деп аталган банк ачат


Министрлер кабинетинин төрагасы кытайлык Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd компаниясынын өкүлдөрү менен кездешүүсү.
Министрлер кабинетинин төрагасы кытайлык Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd компаниясынын өкүлдөрү менен кездешүүсү.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров кытайлык Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, "Почта банкын" ачуу перспективаларын талкуулады. Бул тууралуу Өкмөттүн сайты кабарлады.

Кыргызстандын “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому менен Кытайдын Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd компаниясынын ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга 2023-жылдын 19-августунда кол коюлган. 2024-жылдын январында тараптар ортосунда биргелешкен инвестициялоо жөнүндө келишим кабыл алынган.

“Почта банкы” ачылса Кыргызстандын аймагында бизнес процесстерди автоматташтыруу жана санариптештирүү, жарандар үчүн жеткиликтүү, социалдык багыттагы, көп функционалдуу калкты жана ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү аркылуу “Кыргыз почтасына” таандык объекттерди модернизациялоо, реконструкциялоо же куруу ишке ашырылат. Тараптар биргелешкен долбоорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Буга чейин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин Улуттук банктан "Керемет банктын" 97,45% акциясын 7 млрд 126 млн 432 миң сомго сатып алган. Бул жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров 2-мартта кол койду. (ErN)

XS
SM
MD
LG