Депутат министрдин майнинг фермалардын иши токтойт деген сөзүн эске салды

Кеминдеги майнинг ферманын үстүнөн көрүнүшү. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева энергетика министри Таалайбек Ибраевдин былтыр жай мезгилиндеги "эгер энергетикада таңкыстык болсо, майнинг фермалардын иши токтотулат" деп айтканын эсине салды.

Министр майнинг фермалар электр энергиясын Кыргызстандан эмес, Казакстандан алып жатканын, электр энергиясын транзиттөөгө гана акча аларын айтты. Таалайбек Ибраев энергетикадагы тартыштык убактылуу экенин айтып, элди чыдап коюуга чакырды.

Депутат Элвира Сурабалдиева министрди бул сөзү үчүн уяткарды:

"Элди минтип "чыдагыла" деп айтпагыла, акыңар жок. Элдин атынан мен силерге айтайын, 30 жыл бизнес-класс менен учпай эле келдиңер, эми да учпай чыдагыла. Кымбат унааңарды айылдагы элге "жарыкта үйүңөргө жетип алгыла" деп бергиле. Бизге ата-энелер балдарын мектептен 3-нөөмөттөн чыкканда өтө караңгы болуп калууда деп кайрылып жатышат", - деди Сурабалдиева.

Дагы бир депутат Марат Мураталиевдин Кыргызстанда канча майнинг ферма иштеп жатат деген суроосуна Ибраев Энергетика министрлиги менен келишим түзгөн бир гана майнинг ферма бардыгын айтып жооп берди.

Бир катар депутаттар карапайым элдин жарыгын өчүрүп, энергетиканы үнөмдөгөнчө, майнинг фермалардын ишин токтотууга чакырышты.

Жогорку Кеңеш 6-мартта "Электр энергиясын кайра жаралуучу булактардан алуу" мыйзам долбоорун карап жатат. Депутаттарга министр Таалайбек Ибраев маалымат берүүдө.

Токтогул суу сактагычындагы суунун азайышына жана Токтогул ГЭСиндеги эки агрегаттын иши токтогонуна байланыштуу Кыргызстанда электр энергиясын берүү 5-марттан тарта чектеле баштады.

2023-жылы январь-август айларында Кыргызстандын бюджетине майнинг фермалардан 55 млн 838 миң сом салык түшкөнүн Финансы министрлиги маалымдаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: сотто Токталиевдин лицензиясы боюнча кайра талаш чыкты Социалдык мекемелердеги документи жок адамдар тууралуу түшүндүрмө берилдиКөлмөгө чөгүп кеткен балдардын маселеси парламентте көтөрүлдү“Улуттук электр тармактары” керектөө көп маалда чектөө киргизилгенин маалымдадыДепутаттар Бишкекте үйүнөн күчтөп чыгарылгандардын маселесин көтөрдү