Бала бакчадагы тамак-аш маселеси парламентте кайрадан көтөрүлдү

Бала бакчанын ички көрүнүшү

Кыргызстандагы мамлекеттик бала бакчаларда балдарга тамак-аштын акчасын ким төлөйт деген маселе 6-мартта кайрадан көтөрүлдү. Жогорку Кеңеш "Билим берүү жөнүндө" мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоорун 2-окууда карады.

Депутат Дастан Бекешев өкмөт балдардын тамагын төлөй албаса, балдарынын тамагына акча төлөй албаган ата-энелерди аныктоо зарылдыгын билдирди.

"Эгер өкмөт каржы таппай атса, ата-энеси тамак-ашын төлөй албаган балдарга карта берүү керек", - деди Бекешев.

Мыйзамдын жаңы редакциясынын демилгечилеринин бири, депутат Элвира Сурабалдиева кесиптешинин сунушуна каршы чыгып, балдарды "бай-жакыр" деп бөлүүгө таптакыр болбостун айтты.

"Кыргыздар эч качан "төлөй албайм" дебейт, андан көрө баласын бакчага жибербей коюшу мүмкүн. Биздин өкмөт бизнес класста учуу укугун президентке, өкмөт башчыга, төрагага гана берип, калганын чектеп койсо болмок. Демек, өкмөттө акча жок эмес, бар. Бул жерде отургандар балдардын тамагынан акча өөнөп калууга кантип макул болуп отурасыңар?", - деди Сурабалдиева.

Жыйынтыгында "Билим берүү жөнүндө" мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүгө парламент көпчүлүк добуш менен макулдугун берди.

Былтыр күзүндө Каржы министрлиги Кыргызстанда бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырыларын билдирген. Министрлик буга 11-августта "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынганын негиз кылган.
Мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктунда "мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) эсебинен жүзөгө ашырылат" деп жазылган.

Бул маалымат коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, депутаттар мыйзамды өзгөртүүнү сунуштаган.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт. (ZKo)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: сотто Токталиевдин лицензиясы боюнча кайра талаш чыкты Социалдык мекемелердеги документи жок адамдар тууралуу түшүндүрмө берилдиКөлмөгө чөгүп кеткен балдардын маселеси парламентте көтөрүлдү“Улуттук электр тармактары” керектөө көп маалда чектөө киргизилгенин маалымдады