Мамлекеттик айыптоо расмий көрсөтүп, сотто суралышы керек болгон 63 күбөнүн баары көрсөтмө берип бүткөнү маалым болду. 5-марттагы соттук отурум дээрлик үч саатка созулду.
"Эки күбө кайра суралат"
Мадумаровдун адвокаттарынын бири Кубанычбек Туманов жабык сот отуруму бүткөндөн кийин “Азаттыкка” буларды билдирди:
"Буга чейинки отурумда, тагыраагы 13-февралдагы отурумда судья Мадумаровду соттук жараяндан четтетип, чыгарып салган. Ошол учурда беш күбө Мадумаровдун өзү жок суралып калган. Биз ошол учурда өтүнүч келтиргенбиз. Анда алар кайра Мадумаровдун катышуусунда суралсын дегенбиз. Сот өтүнүчтү канааттандырып, экөө кайра суралмай болду. Кийинки жараянда алардын келишин камсыздайбыз, алар суралып бүткөндөн кийин иштин материалдарын изилдөөгө өтөбүз".
Дагы караңыз Акун: Бийлик калыс, тегиз карап, укуктук мамиле кылсынАдвокат Туманов айтып жаткан күбөлөрдүн бири - 2009-жылдары Мамлекеттик чек ара кызматында иштеп турган полковник Саиджан Эратов, экинчиси саясатчы жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев. Кийинки жараяндарда Мадумаровдун өзүнө акыркы сөз берилет.
"Чындык биз тарапта"
5-мартта "Азаттык" сот залынан Мадумаров чыгып баратканда микрофон сунганда саясатчы "мен эч нерсе жашырбайм, чындык бирөө" деди.
"Күндөгүдөй эле спектакль кайталанды. Мен эч нерсе жашырбайм, чындык бирөө, ал Кудайга шүгүр бизге таандык, ал биз тарапта. Бардыгы керемет болот, жакшы болот. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дешет, бирок мен айтам, ак ийилбейт дагы", - деди ал күзөт кызматкерлеринин коштоосунда кетип бара жатып.
Адвокаттын билдирүүсү
Саясатчынын дагы бир адвокаты Юлия Богданованын “Азаттыкка” билдиришинче, сотто күбөлөлөр суралып жатканда мыйзам бузуулар болгон.
“Тагыраагы, тергөө өзүнө гана ыңгайлуу суроолорду берген. Күбөлөр суракта беш сааттан ашык отурган, ошондуктан протоколду окубай эле кол коюп кеткендери болгон. Соттук отурумда бул адамдар айыптоонун эмес, жактоонун күбөлөрү болуп калды. Себеби, биз алардын көрсөтмөлөрүн Мадумаровду жактоодо колдоно алабыз. Мадумаров өткөн сотто “алдамчылык” боюнча суралган, бирок бүтө элек, ошондуктан бүгүн бул факт боюнча иш уланат. Бул берене негизсиз коюлган, арыз жазган адам 2015-жылдагы шайлоодо “Бүтүн Кыргызстандын” тизмесинде 53-орунда болчу, демек ал депутаттык мандат ала алмак эмес, ошондуктан анын “акча бердим” дегени чындыкка дал келбейт. Маселен, партия ошол жылы ашып кетсе 10 мандат алабыз деп турган. Соттук отурумда ушунун баарын Мадумаров кенен түшүндүрүп, судья, прокурор окуянын чоо-жайын биле алды деген ойдобуз”.
Сотко саясатчынын жакындары жана тарапташтары келген. Анын бир тууган карындашы Рахила Мадумарова бүгүнкү соттон кийин агасы менен акыркы жарым жылдан бери биринчи жолу көрүштү. Бир туугандарына Мадумаров менен сүйлөшүүгө судья кыска убакытка уруксат берген.
"Агам адатындагыдай эле "баары жакшы" деп эле айтты. Бирок анын ден соолугуна биз кабатырланып турабыз. Себеби жүрөгүндө стент бар, кант диабети менен жабыркайт, улам дары ичип турушу керек. Биз тергөө абагына күндө каттап, тамак-аш киргизип жатабыз. Бир туугандары анын күнөөлүү экенине ишенбейт, ал бул тууралуу өзү деле айтып келет".
Дагы караңыз “Эскиче иштегенге болбойт". Оппозиция кандай болушу керек?Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.
Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда.
Анда кыргыз тарап Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди Тажикстандан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алары жазылып калган.
Төрт-Көчө талашы
Президент Садыр Жапаров буга чейин ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдирген.
“Мына” деп эле көрсөтүп туруп алат экен. Бир нече жолу көрсөттү. Өткөндө Астанада да үч тараптуу жолугушууда “кол коюп берип эле аткарбайт” деп көрсөтүштү. Андан бери Камчыбек Кыдыршаевич эки жолу сүйлөшүп келди. Биз эми аны кайра кайтарып, нейтралдуу, статус-кво бердиртип атабыз. Андай болсо сеники да, меники да эмес болсун деп, ушуга макул кылдык. Эгерде айнып кетпесе эле. Нейтралдуу аймак. Биз Лейлекке түз өтөбүз. Алар Ворухка түз кетет. Ортодо нейтралдуу зона болот", - деген мамлекет башчы былтыр ноябрда Жогорку Кеңешке келгенде.
Мадумаров муну өз интервьюларында четке кагып, “протокол жөн гана ниетти түшүндүрөрүн жана юридикалык күчкө ээ эмес экенин” кайталаган.
Дагы караңыз "Эркиндиктин баасы унутулууда". Кыргызстандагы адам укугунун абалыЭкинчиси - Чыңгыз Абдымомунов деген жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен саясатчыга кине коюлган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Адахан Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” парламентте оппозициялык фракция деп расмий жарыялаган. Өзгөчө Мадумаров менен бийликтин Кемпир-Абад маселеси боюнча позициясы карама-каршы келген. Саясатчы бир нече билдирүү жасап, 2022-жылы Кемпир-Абад суу сактагычынын маселеси каралган курултайга катышкан.
2022-жылдын 22-октябрында Бишкекте “Кемпир-Абадды коргоо комитети” түзүлүп, Мадумаров менен депутат Исхак Масалиев да ага кошулган. Алар комитеттин ошол күнкү жыйынына да катышкандын эртеси, 23-октябрда бул комитеттин мүчөлөрүнүн көбү кармалган.
Жалпысынан 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу кармалса, ушул тапта кармалгандардын ичинен 10дон ашык киши тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп эсептешет.