Адахан Мадумаров эки иш боюнча суралып бүттү

Адахан Мадумаров. (архив)

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаровдун соту болуп, ал “алдамчылык” жана “мамлекеттик чыккынчылык” беренелеринин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча суралып бүттү.

Бул тууралуу анын адвокаттарынын бири Кубанычбек Туманов жабык сот отуруму бүткөндөн кийин “Азаттыкка” билдирди:

“Мадумаров 13-февралда сот отурумунан чыгарылган, ошол күнү 2009-жылдары Чек ара кызматында иштеп турган полковник Саиджан Эратов, саясатчы Эмилбек Каптагаев жана башка үч күбө суралган. Биз жактоочу катары өтүнүч келтирип, Каптагаевди жана Эратовду Мадумаровдун көзүнчө дагы бир жолу суроону суранганбыз, өтүнүчтү сот канааттандырган. Эмки отурумда эки күбө суралып, Мадумаров акыркы сөзүн сүйлөйт”, - деди Туманов.

Сот отуруму дээрлик үч саатка созулду.

Отурумдан чыгып бара жатып, саясатчы “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип: “Бүгүнкү отурум да күндөгүдөй спектакль болду. Мен эч нерсе жашырбайм, чындык бирөө ал бизге таандык” деп айтты.

Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев да шек саналып жатат.

Мадумаровду 2023-жылы 2-сентябрда Бишкекте жашы жете элек уулунун көзүнчө милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кеткен. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттап келет.

Саясатчынын иши боюнча Биринчи Май райондук сотунда жумасына эки жолу соттук отурум өтүп жатат. Ушул күнгө чейин 40тай адам күбө катары көрсөтмө берди. Алардын арасында азыркы жана мурдагы чиновниктер бар. (KS)

Дагы караңыз

Укук коргоочулар былтыр Иранда кеминде 834 адам өлүм жазасына тартылганын билдириштиУлуттук банк Санарип сомдун сыноо версиясын иштеп чыгатГерманиянын башкы дипломаты ЕБди кеңейтүү ишин тездетүүгө чакырдыБишкекте жаңы автобустар үчүн газ куюучу бекет ачылды Украинада соңку суткада Орусиянын чабуулунан эки кишинин өмүрү кыйылды

Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев да шек саналып жатат.

Мадумаровду 2023-жылы 2-сентябрда Бишкекте жашы жете элек уулунун көзүнчө милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кеткен. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттап келет.

Саясатчынын иши боюнча Биринчи Май райондук сотунда жумасына эки жолу соттук отурум өтүп жатат. Ушул күнгө чейин 40тай адам күбө катары көрсөтмө берди. Алардын арасында азыркы жана мурдагы чиновниктер бар.(КS)