Улуттук банк Санарип сомдун сыноо версиясын иштеп чыгат

National Bank. Money, som. Kyrgyz currency. Bishkek, Kyrgyzstan.

Улуттук банк Санарип сомду ишке киргизерден мурда алгач анын демонстрациялык версиясын иштеп чыгып, сынап көрөт. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда билдирди.

Ал учурда Санарип сомдун долбоору тандоо этабында экенин жана дүйнөдө санариптик валюталарды иштеп чыккан компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын тактады.

Бөкөнтаев анын алкагында блокчейн платформасында Санарип сомдун демонстрациялык версиясы иштелип чыгып, санариптик капчыктарда которуу сыналып көрөрүн кошумчалады. Эксперименттин жыйынтыгында системанын ишеничтүүлүгү жана ыңгайлуулугу текшерилип, ийгиликтүү болсо ал колдонууга чыгарылат.

Мунун алдында Улуттук банк өз сайтында Санарип сомду иштеп чыгуу сунушун дүйнөлүк 12 компаниядан сунуш түшкөнүн маалымдаган.

Азыркы учурда Кыргызстанда улуттук валютанын эки формасы бар – биринчиси кадимки накталай сом, экинчиси банктардын эсептеринде турган накталай эмес сом. Мында накталай эмес акча накталай акчанын эсебинен жүгүртүлөт. Санарип сом – улуттук валютанын үчүнчү формасы катары жүгүртүүгө киргизилет жана ал жөн гана санариптик код түрүндө болот. Жарандар Санарип сомду бири-бирине которо алат, төлөм жүргүзүп, салык катары да төлөй алат.

Дүйнөдө криптовалюта күч алгандан улам көп өлкөлөр Улуттук жана Борбордук банктар көзөмөлдөгөн мамлекеттик санариптик валютаны ишке киргизүүнүн үстүндө иштеп келишет. Бир катар өлкөлөр өздөрүнүн санарип валютасын жүгүртүүгө чыгарган.

Кыргызстан Санарип сом концепциясын 2022-жылы кабыл алып, ошол эле жылы аны коомчулукка алгачкы ирет тааныштырган. Ага ылайык, Санарип сом 2026-жылдын аягына чейин кабыл алынышы керек. (ErN)

Дагы караңыз

Укук коргоочулар былтыр Иранда кеминде 834 адам өлүм жазасына тартылганын билдириштиГерманиянын башкы дипломаты ЕБди кеңейтүү ишин тездетүүгө чакырдыБишкек мэриясы темир жолдон өтө турган өтмөктөрдүн долбоорун жарыяладыКара-Көлдө каржы пирамидасынан келтирилген чыгым 17,6 млн сомду түздү Кыргызстанда 53 айыл жана конуш газдаштырылды