Бишкекте курьер алдамчылыкка катышы бар деген шек менен кармалды

ИИМ тараткан сүрөттөр.

Ички иштер министрлиги февралдын соңунда телефон алдамчылыгына аралашкан курьер кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, бул боюнча Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз жазган.

Арыз ээсинин телефонуна белгисиз адам чалып, “анын кызынын кырсыкка учураганын” айтып алдап, 12 миң АКШ долларын жана 250 миң сомун алган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголгон.

Милициянын ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жабырлануучулардан акчасын алып, телефон аркылуу алдаган адамдарга которгон курьер кармалган. Кармалган жаран 21 жаштагы Ш. уулу Т. Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуйт. Анын мындан башка дагы беш телефон алдамчылык кылмыштарына тиешеси бар экендиги аныкталганы жазылган.

“Алсак, шектүү Бишкек шаарындагы 4-кичи районунда жабырлануучулардан 250 миң сом алып кеткен. Андан соң Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган тургундан 29 миң АКШ долларын, “Чыгыш-5” кичи районунун жашоочусунан 265 миң сом жана 300 АКШ долларын, “Жал” кичирайонунун бир тургунунан 9 миң АКШ долларын, ал эми башка тургундан 250 миң сом, 900 АКШ долларын, 1500 евро алып кеткен. Жогорудагы курьер бул жабырлануучулардын үйүнө келип, акча каражаттарын алып турган”, - деп жазылган маалыматта.

Милиция телефон аркылуу жарандарды алдоого жардам берген башка курьерлердин да тиешеси такталып жатканын кошумчалады. Мекеме курьер кызматында иштегендер кылмыштын оордугуна көңүл бурбай жатышканын, алар телефон алдамчылыгына аралашкан учурда кылмыштын шериги катары жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Ички иштер министрлиги буга чейин телефон шылуундарга каршы күрөш күчөтүлгөнүн билдирген. 23-февралда милиция алдамчылык менен алектенген эл аралык кылмыштуу топ кармалганы кабарланган.

Дагы караңыз

Кара-Суунун тургуну эки баласы, жээни менен иске ууланып каза болдуУлуттук банк резервиндеги алтын 50 тоннага жеткенин билдирдиПрезиденттин администрациясында кадрдык алмашуу болдуАба ырайы: күн ачык болот