Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

Президенттин администрациясында кадрдык алмашуу болду


Ак үй.
Ак үй.

Пезиденттин администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары – контролдоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров кызматтан алынып, ордуна Казыбек Молдажиев дайындалды. Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду.

Жетиген Бакиров аталган кызматка былтыр апрелде дайындалган. Ал башка кызматка өткөнүнө байланыштуу иштен бошотулганы маалымдалды.

Мунун алдында Садыр Жапаров президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кызматтан алып, ордуна Мелис Мураталиевди дайындаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG