Орусияда кыргызстандык айдоочу жол кырсыгына шек саналып камалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын жараны, 27 жаштагы таксист адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына шек саналып кармалды. Бул тууралуу Санкт-Петербургдагы жергиликтүү басылмалар маалымдашты.

Фонтанка.ру басылмасы жазгандай, кырсык 3-март күнү Санкт-Петербург - Морье жолунда болгон.

"Тергөөнүн версиясына караганда, таксинин айдоочусу жашыл жарык күйгөңдө бурулуп, бирок өз жолу менен келе жаткан "КИА" унаасына жол бербей койгон. Жыйынтыгында "КИА" жол четиндеги тосмого урунуп, айдоочусу мерт болгон. Ал Санкт-Петербург шаарынын 34 жаштагы тургуну болгон", - деп жазды басылма.

Териштирүү учурунда полиция кызматкерлери жол кырсыгына таксинин айдоочусу күнөөлүү экенин аныктап, аны кармап, камакка алышкан. Маалыматтарга караганда, кыргызстандык айдоочу буга чейин да эки ирет жол кыймылынын эрежелерин сактабаганы үчүн жоопко тартылган.

Бул маалымат боюнча Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугу комментарий бере элек. "Азаттыктын" мекемеге жолдонгон суроосу азырынча жоопсуз турат.

10-февралга карата берилген расмий маалымат боюнча ушул тапта 408 448 кыргызстандык Орусияда миграцияда. Анын ичинен канчасы Санкт-Петербургда экени так белгисиз.

Бейрасмий маалыматтарда бүгүнкү күндө деле Орусияда Кыргызстандын 1 млн чамалуу жараны жашап, иштеп жүрүшкөнү айтылып келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Кара-Суунун тургуну эки баласы, жээни менен иске ууланып каза болдуУлуттук банк резервиндеги алтын 50 тоннага жеткенин билдирдиПрезиденттин администрациясында кадрдык алмашуу болдуАба ырайы: күн ачык болот