Аба ырайы: күн ачык болот

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° болот.

Дагы караңыз

"Ак-Тилек" өткөрмө бекетинин иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экени эскертилдиКыргызстанда Орозо 11-мартта башталатМамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга жаңы жетекчи дайындалдыОсмоналиев Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы кызматынан кетти