Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга жаңы жетекчи дайындалды


Мелис Мураталиев.
Мелис Мураталиев.

Мелис Мураталиев президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы 5-мартта кабарлады.

47 жаштагы Мелис Мураталиев “Бакдөөлөт” коомдук фондунун жетекчиси.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мурдагы төрагасы Каныбек Осмоналиев “президенттин демилгеси менен кызматтан алынганын” билдирген.

Мамлекеттик тил комиссиясы 2021-жылы Садыр Жапаровдун буйругу менен президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы болуп түзүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG