"Ак-Тилек" өткөрмө бекетинин иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экени эскертилди

"Ак-Тилек" өткөрмө жайы

Кыргызстандын чек ара кызматы 6-мартта кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги техникалык оңдоо иштерине байланыштуу жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуучу автоунааларды өткөрүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертти.

Мекеме бул күнү саат 9:00-14:00 аралыгында бул жайда “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканасы профилактикалык иштерди жүргүзөрүн маалымдады.

Ал эми кыргыз-казак чек арасында жайгашкан башка чек ара өтмөктөрү штаттык режимде иштейт.

Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет.

Эки мамлекеттин чек арасында сегиз: төрт эл аралык жана төрт эки тараптуу өткөрмө пункту бар. Эл аралык өткөрмө бекеттерге “Ак-Жол”, “Чалдыбар”, “Ак-Тилек” жана “Чоң-Капка” өткөрмө пункттары, эки тараптууга “Кең-Булуң”, “Токмок”, “Кайыңды” жана “Каркыра” чек ара пункттары кирет.

Дагы караңыз

Кыргызстанда Орозо 11-мартта башталатМамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга жаңы жетекчи дайындалдыОсмоналиев Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы кызматынан кеттиАКШнын Жогорку соту Трампка президенттик шайлоого катышууга уруксат берди