Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга жаңы жетекчи дайындалды

Мелис Мураталиев.

Мелис Мураталиев президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы 5-мартта кабарлады.

47 жаштагы Мелис Мураталиев “Бакдөөлөт” коомдук фондунун жетекчиси.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мурдагы төрагасы Каныбек Осмоналиев “президенттин демилгеси менен кызматтан алынганын” билдирген.

Мамлекеттик тил комиссиясы 2021-жылы Садыр Жапаровдун буйругу менен президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы болуп түзүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Осмоналиев Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы кызматынан кеттиАКШнын Жогорку соту Трампка президенттик шайлоого катышууга уруксат бердиСадыр Жапаров Ак калпак күнү менен куттуктады43 мамлекет Навальныйдын өлүмүн көз карандысыз тергөөнү талап кылдыПрезидент соттор актоо чечимдерин көп чыгара баштаганын айттыКыргызстан эркиндик көрсөткүчү төмөндөгөн өлкөлөрдүн катарына кирди Согд прокуратурасы эки кыздын өлүмүнө байланыштуу ишти кайра тергөөгө кайтарды