Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Президент соттор актоо чечимдерин көп чыгара баштаганын айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өткөн жылдарга салыштырганда соттор актоо чечимдерин көп чыгара баштаганын билдирип, аны судьялар Конституцияда көрсөтүлгөн көз карандысыздык укуктарын пайдаланып, ар кандай тоскоолдуктарга каршы туруп жатканы менен байланыштырды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын 5-март - сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосунда айтылат.

“Ошону менен бирге азыркы учурда сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапаты, сот өндүрүшүнүн мөөнөттөрү, сот тутумунун иши жөнүндө ачык-айкын маалыматтын жетишсиздиги, айрым соттордун канааттандырарлык эмес иши, сот чечимдеринин натыйжасыз аткарылышы, сот адилеттигин жүргүзүү үчүн зарыл шарттардын жоктугу менен байланышкан бир катар көйгөйлөр бар”, - деп айтылат куттуктоодо.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 26-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстанда 2023-жылы 200дөн ашык адамга актоо өкүмдөрү чыкканын айткан. Ошол эле жыйында ал өлкөдө соттор толук көз карандысыз боло элек экенин моюнга алган.

Расмий маалымат боюнча, сот тармагына 2020-жылы 1,2 млрд сом берилсе, 2023-жылы 3,5 млрд сом бөлүнгөн.

Кыргызстанда бардык президенттердин тушунда соттордун чыгарган чечимдерине нааразылык айтылып, бийликтен чыныгы сот реформасын жүргүзүү талап кылынып келе жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG