АКШга мыйзамсыз барган 74 өзбекстандык мекенине кайтарылды

АКШ. Чек ара.

АКШга мыйзамсыз жол менен барган 74 өзбекстандык 3-мартта мекенине кайтарылды. Бул тууралуу UzReport басылмасына таянып “Азаттыктын” өзбек кызматы билдирди.

Алардын көбү Кошмо Штаттарга Мексика аркылуу барганы, айрымдары башка өлкөлөр аркылуу киргени кабарланды.

21-декабрда АКШ өкмөтү Өзбекстандын бул өлкөгө мыйзамсыз кирген 119 жаранын мекенине жөнөткөнүн маалымдаган.

АКШ 2021-2023-жылдары Мексика аркылуу кирүүгө аракет кылган он миңдеген иммигрант аныкталганын билдирген. Кармалгандардын арасынан 13 миңи Өзбекстандын жараны экени белгилүү болгон.

Дагы караңыз

Өзгөндө 5 гектар жердеги базар мамлекетке кайтарылдыИзраил Газа боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу шарттарын атадыОрусия Украинанын үч облусуна чабуул койду"Энесинин койнунда тынч уктап жаткан". Одессадагы кандуу чабуул