Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:53

Израил Газа боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу шарттарын атады


Газа шаары. 2024-жылдын 3-марты.
Газа шаары. 2024-жылдын 3-марты.

Египеттин борбору Каирде Газа маселеси боюнча кезектеги сүйлөшүү башталганы жатканын 4-мартта бир катар маалымат агенттиктери кабарлашты.

Израил ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) барымтада кармап турган израилдик жарандардын так санын, тизмесин жана алардын ар бирине канча палестиналыкты айырбаштоону көздөп жатканын айтмайынча Каирге делегациясын жөнөтпөй турганын билдиргени белгилүү болду.

ХАМАСтын делегациясы сүйлөшүү өтө турган жерге жекшемби күнү барганы кабарланды.

АКШнын вице-президенти Камала Харрис 3-мартта Газада гуманитардык апаат жаралганын белгилеп, секторго жөнөтүлүп жаткан жардамды көбөйтүүгө чакырды.

Израил өткөн аптада Газада жүздөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган окуяга тиешеси жоктугун, сокку урулбаганын, алар тебелендиде калып каза болгонун маалымдады.

Газа секторунун Газа шаарында 29-февралда гуманитардык жардамга кезекте турган адамдар Израилдин чабуулунан набыт кеткенин бир катар маалымат агенттиктери жазышкан.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин 4-марттагы маалыматына караганда, соңку суткада Израилдин чабуулдарынан сектордо 124 адамдын өмүрү кыйылды, жалпысынан беш айдан бери каза болгондор отуз миңден ашты.

Газа секторундагы аскердик операциясын Израил былтыр 7-октябрда ХАМАС кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Көптөгөн өлкөлөр Израилди жай тургундар курман болуп жаткан ашкере зомбулукка айыптоодо.

Израилдик аскерлер бутага ХАМАСтын согушкерлери гана алынып келатканын, алар жай тургундарды тирүү калкан катары колдонуп жатышканын айтууда.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү АКШнын, Египеттин жана Катардын ортомчулугу менен жүрүп жатат. Мунаса табылса атышуу токтоп, ХАМАС барымтадагы израилдиктерди, Израил камакта кармап турган палестиналыктарды бошотууга милдеттүү болушары айтылып келет.

АКШ президенти Жо Байден Израил эгер ХАМАС барымтадагыларды бошотсо Рамазан айында атышуусун токтото турууга макул болорун 26-февралда билдирген.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү АКШнын, Египеттин жана Катардын ортомчулугу менен жүрүп жатат. Мунаса табылса атышуу токтоп, ХАМАС барымтадагы израилдиктерди, Израил камакта кармап турган палестиналыктарды бошотууга милдеттүү болушары айтылып келет.

Рамазан айы 10-марттын кечинде башталып, 9-апрелде аяктайт. (RK)

XS
SM
MD
LG