Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Өзгөндө 5 гектар жердеги базар мамлекетке кайтарылды


Өзгөн районундагы мамлекетке кайтарылган базар. УКМК тараткан сүрөт.
Өзгөн районундагы мамлекетке кайтарылган базар. УКМК тараткан сүрөт.

Ош облусунун Өзгөн районунда иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси 1000 чарчы метр административдик имараты менен бирге ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Атайын кызмат аталган объектинин базар баасы 470 млн сомду түзөрүн тактады.

Мекеме мындай чечим сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кабыл алынганын кабарлап, ал кайсы иш экенин жана кайсы базар жөнүндө кеп кетип жатканын тактаган жок. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Былтыр ноябрь-декабрда Кыргызстандагы бир катар базарлардын соодагерлери ыктыярдуу патент жоюлуп, көзөмөл-кассалык машинелер милдеттүү түрдө киргизилип жатканына нааразылык билдирип чыккан. Мындан кийин президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарлар мамлекетке өткөрүлөрүн” эскертишкен.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев быйыл 27-январда Оштогу “Туратали” деген ат менен таанылган Кара-Суу базары толугу менен мамлекетке өтөрүн билдирип, андагы базар ээлеринин бири Кенжекан Жээнбекованын да кармалышын комментарийлеген. Ташиев аталган жаран “соода жайларынан чоң акча алганы менен мамлекетке акча төкпөгөнүн, буга мыйзам чегинде жооп берерин” айткан.

Мындан сырткары да Кыргызстандын аймагында бир катар базарлардын жетекчилери кармалган. Кармалган базар ээлеринин жана жетекчилеринин көбүнө соодагерлерден алган акчасын салык органдарына туура эмес көрсөткөн, кирешесин жашырган, салык төлөөдөн качкан деген сыяктуу айыптар тагылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG