Кыргызстандын аймагында жер титирөө болду

Жер титирөөдөн кооптонуп көчөгө чыккан тургундур. Алматы шаары, Казакстан. 4-март, 2024-жыл.

4-март күнү саат 12:22 чамасында Кыргызстандын Чүй облусунда жана Бишкек шаарында жер титиреди.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүүнүн күчү очогунда 6 баллга жакын көрсөткүчтү түздү.

Чолпон-Ата шаарында, Бостери, Ананьево айылдарында, Казакстандын Алматы шаарында 4,5 балл, Балыкчы шаарында 4 балл, Бишкекте, Караколдо, Кумтөр кенинде жана Кажы-Сайда 3,5 балл сезилди.

Силкинүүнүн очогу Казакстандын Алматы шаарынан 37 чакырым, Бишкектен 190 чакырым аралыкта, кыргыз-казак чек арасында Кыргызстандын аймагында болгон.

Жер титирөө Кыргызстанда, Казакстанда жана Кытайда сезилген.

Баштапкы маалыматтар боюнча Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда бир аптада 15 кишиден коронавирус аныкталдыАба ырайы: 5-мартта көпчүлүк аймакта күн жылый баштайт АКШ Кыргызстандын жарандары үчүн визанын мөөнөтүн 10 жылга узарттыБишкек шаардык кеңеши борборго кошулган аймактардын депутаттарын чогулттуБир аптада автоунааны мас абалда айдаган 200дөн ашуун айдоочу кармалды