АКШда автокырсыктан эки кыргызстандык набыт болду

Филадельфия. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарындагы жол кырсыгында Кыргызстандын эки жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШдагы элчиликке шилтеме кылып билдирди.

ТИМдин 4-март, саат 15:00ке карата тактап берген маалыматына ылайык, каза болгондордун бири 21 жаштагы Е.Т., экинчиси 22 жаштагы Б.А. аттуу жаран.

Учурда маркумдардын сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралып жатат.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл февралга карата АКШда 36 миң кыргызстандык жашап, иштеп жатканын билдирген. (ZKo)

Дагы караңыз

Экономикалык өсүш, кымбатчылык жана жумушсуздук. Сурамжылоо эмнени көрсөттү?"Көркөм окуу - кыргыз тилге болгон салымыбыз". Поэзияны сүйгөн жаштар Байгазиев: Токтогулда 7,7 млрд куб метр суу калды. 6,5 млрдга жетсе, авариялык абалга кептелетОрусияда "Википедияга" тыюу салынышы мүмкүнАКШ Кыргызстандын жарандары үчүн визанын мөөнөтүн 10 жылга узартты