Энергетика министрлиги: Электр жарыгын алдын ала өчүрүү болгон жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда электр жарыгын алдын ала өчүрүүлөр болгон жок. Жарыктын өчүшү - керектөөнүн көбөйүп кетүүсүнө байланыштуу жабдуулар автоматтык түрдө иштебей калып жатканына байланыштуу. Бул тууралуу “Улуттук электр тармактары” ишканасынын директору Алтынбек Рысбеков 4-марттагы маалымат жыйынында журналисттерге билдирди.
Анын сөзүнө караганда, жакында башталуучу оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясына таңсыктык дагы көбөйөт.

"Токтогул ГЭСиндеги бир агрегатты оңдоо иши башталгандан тарта Кыргызстанда электр энергиясы дагы 290 мегаваттка азаят. Ушундан улам эгер алдын ала өчүрүүлөр боло турган болсо, жергиликтүү бийлик менен чогуу, макулдашылган чаралардын алкагында, алдын ала маалымат берилет", - деди Рысбеков.

Маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев калкты электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырып, буга Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү түшүп кеткени себеп болуп жатканын билдирди.

Акыркы убактардагы сууктан өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында электр энергиясы өчүп жатканына нааразылыктар күч алууда.

Кыргыз өкмөтү соңку эки жылдан бери таңкыстыкты жабуу үчүн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 3 млрд кВт электр тогун импорттоп келет. Быйыл ага кошумча Орусиядан да 870 млн кВттан ашуун электр кубатын импорттоду. Өзбекстан жана Казакстан менен электр энергиянын айрым бөлүгү өз ара алмашуу аркылуу соодаланат.(AiB/ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүк топографиялык топтордун жолугушуусу болдуАлдамчылыкка шектелген Бекзат Өмүрбеков 1-майга чейин камалдыОрусияда "Википедияга" тыюу салынышы мүмкүнАКШ Кыргызстандын жарандары үчүн визанын мөөнөтүн 10 жылга узарттыЖМК: Былтыр 50 миңден ашуун борборазиялык АКШ чек арасынан мыйзамсыз өткөн