БУУ баш катчысынын жардамчысы Ивана Живкович Кыргызстанга келди

Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баш катчысынын жардамчысы, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Европа жана КМШ аймактык жетекчиси Ивана Живкович Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Анын иш сапары 3-марттан 6-мартка чейин созулат.

Ивана Живкович бул аралыкта Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугуп, кеңешмелерди өткөрөт. Эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушат.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасы, парламенттин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри менен да жолугушуусу күтүлүүдө.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүк топографиялык топтордун жолугушуусу болдуАлдамчылыкка шектелген Бекзат Өмүрбеков 1-майга чейин камалдыОрусияда "Википедияга" тыюу салынышы мүмкүнАКШ Кыргызстандын жарандары үчүн визанын мөөнөтүн 10 жылга узарттыЖМК: Былтыр 50 миңден ашуун борборазиялык АКШ чек арасынан мыйзамсыз өткөн