Берлин Украина тууралуу чуулгандуу аудионун чоо-жайын иликтейт

Олаф Шольц Ватикандагы басма сөз жыйынында, 2-март, 2024-жыл.

Немис канцлери Олаф Шольц Германиянын аскер жетекчилеринин Украинадагы согуш тууралуу сүйлөшүүсү деп айтылган аудионун чоо-жайы тез арада иликтене турганын айтты. Ал чуулгандуу үн жазма тууралуу пикирин 2-мартта Ватиканда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Кабарланып жаткан маселе абдан олуттуу жана ал абдан дыкат, абдан тыкыр жана абдан тез иликтенет. Бул зарыл", - деди Шольц.

Немис аскер жетекчилеринин онлайн форматтагы видеоконференциясынын үн жазмасы делген 38 мүнөттүк аудиону жума күнү Орусия каржылаган RT (Russia Today) телеканалынын жетекчиси Маргарита Симоньян соцтармактарга жарыялаган. Симоньян бул аудиону "Германиянын Крымга сокку урууну көздөп жатканынын далили" деп сыпаттаган.

Би-Би-Си жазгандай, үн жазмада офицерлер Украина Германияда чыгарылган TAURUS ракеталарын кантип, кандай шартта колдоно алары жана анын таасири тууралуу сүйлөшкөн. Ошондой немис ракеталары Орусияны аннексияланган Крым жарым аралы менен байланыштырган Керч көпүрөсүнө сокку ура ала турганы жөнүндө да сөз болгон.

Der Spiegel журналы офицерлердин видеоконференциясы армиянын ички жашыруун түйүнү аркылуу эмес, көпчүлүккө белгилүү WebEx платформасы аркылуу уюштурулганын жазды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Берлинден чукул түшүндүрмө талап кылды. Москванын башкы дипломаты Сергей Лавров аудио тасма "Германия Крымдагы көпүрөгө жана башка объектилерге, анын ичинде курал-жарак кампаларына чабуул коюуга камылга көрүп жатканын көрсөтөт" деп айтты.

Германиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы аба күчтөрүнүн офицерлеринин сүйлөшүүсү жаздырылып алынганын мойнуна алып, бирок аудио бурмаланып же бурмаланбаганын азырынча так айта албай турганын билдирди.

Дагы караңыз

Москвада Навальныйдын бейитине келгендердин узун кезеги жаралды Зеленский Сырскийден "конкреттүү сунуштарды" күтөрүн айттыАКШ Газага биринчи жолу абадан гуманитардык жардам таштадыПакистанда Шахбаз Шариф премьер-министр болуп шайланды"Энесинин койнунда тынч уктап жаткан". Одессадагы кандуу чабуул"Кызматка орноштурам деп 50 миң доллар алган". Бийликчил активисттин кармалышы