Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Зеленский Сырскийден "конкреттүү сунуштарды" күтөрүн айтты


Украин президенти Владимир Зеленский жана армиянын башкы командачысы Александр Сырский, 2023-жылдын сентябрь айы.
Украин президенти Владимир Зеленский жана армиянын башкы командачысы Александр Сырский, 2023-жылдын сентябрь айы.

Украинанын президенти Владимир Зеленский куралдуу күчтөрдүн жакында дайындалган башкы командачысы Александр Сырскийден фронттогу кырдаал тууралуу "деталдуу маалымат жана конкреттүү сунуштарды" алдыңкы апталарда күтөрүн айтты.

Ал 2-марттагы видео кайрылуусунда генерал Сырский согуш тилкесин кыдырып келгенин, ага армиянын курамында жана башкы штабда кадрдык өзгөртүүлөрдү жасоого "карт-бланш" берерин кошумчалады.

Ошол эле күнү Сырский салгылашууларга катышып жаткан айрым аскердик топтордун командирлерин алмаштырды. Ал Украинанын чыгышындагы согуш тилкесин кыдыруу маалында "айрым бригадалар душмандын чабуулдарына каршы туруп, позицияларынан чегинбей турганын, кайсы бир андай кыла албай жатканын" Телеграмга жазды.

Сырский майдан тилкесине Орусия украин күчтөрүнө басымды күчөтүүгө аракет кылып жаткан мезгилде барды.

Өткөн айда орус күчтөрү Донецк облусундагы Авдеевка шаарына көзөмөлүн орноткон. Алар соңку күндөрү Авдеевкага тушташ бир нече майда кыштактарды да ээлеп, батышты көздөй жылууга аракет кылып жатат. Орусиянын Коргоо министрлиги 3-марттагы билдирүүсүндө орус армиясы Донецк облусунда ыңгайлуу позицияларды ээлеп жатканын белгиледи.

Украин армиясы жекшембинин таңында маалымдагандай, акыркы бир сутка ичинде орус күчтөрү Украинага 1 ракета учуруп, 50 жолу абадан сокку урду. Украинанын кеминде тогуз облусу 112 жолу артиллериялык аткылоого кабылды. Ишембиге караган түнү орус күчтөрү учурган "Шахед" дрондору бир нече жайкын тургундун өлүмүнө себепчи болду.

Дем алыш күндөрү Орусиянын аймактары да учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулдарына туш болду. 2-мартка караган түнү Санкт-Петербург шаарындагы турак жайга кулаган дрон алты кишини жарадар кылганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG