Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Москвада Навальныйдын бейитине келгендердин узун кезеги жаралды


Борисовское көрүстөнүндөгү Навальныйдын бейити.
Борисовское көрүстөнүндөгү Навальныйдын бейити.

Жекшемби күнү Москванын Борисовское көрүстөнүндө оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын бейитине гүлчамбар коюуну көздөгөн жарандардын 600 метрлик кезеги пайда болду. Бул тууралуу Телеграмдагы орусиялык көз карандысыз журналисттер түзгөн ASTRA каналы билдирип, көрүстөнгө агылган жарандардын видеолорун жарыялады.

The Insider басылмасы да жекшембиде Навальный менен коштошуу үчүн Борисовское көрүстөнүнө жүздөгөн адам келгенин жазды.

"Медуза" басылмасы Телеграмдагы булактарга шилтеме кылып маалымдагандай, Навальныйдын бейитине келгендердин арасында бардык жаш курактагы адамдар бар. Күбөлөр кезек тез эле жылып жатканын, көрүстөндүн жанында бир автозак токтоп турганын, бирок полиция кызматкерлери көзгө урунбаганын айтып беришкен.

"Дождь" телеканалы Борисовское көрүстөнү жергиликтүү убакыт боюнча 17:00дө жабылганын, кезек күткөн айрымдар гүлдөрүн тосмонун артынан ыргытууга туура келгенин маалымдады.

47 жашында каза болгон Навальныйдын сөөгү 1-мартта жерге берилген. Жума күнү аны менен коштошуу зыйнатына миңдеген адамдар келди.

Навальный каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Европарламент саясатчынын өлүмү үчүн орус президенти Владимир Путин жооптуу экенин билдирген.

Сөөгү энеси Людмила Навальнаяга 24-февралда гана берилген. Ал тергөөчүлөр Навальныйдын тажыясын жашыруун өткөрүүнү, болбосо абактын аймагына жерге берип салышарын айтып ультиматум коюшканын билдирген.

Оппозициячыл саясатчы камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Орусиянын жогорку бийлигиндеги жемкорлук тууралуу ачык айтып келген Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан.

XS
SM
MD
LG