Одессадагы дрон чабуулунан каза болгондордун саны онго жетти

Одессага жасалган чабуулдун кесепети.

Жекшембиге караган түнү Одесса шаарына Орусия "Шахед" дрону менен көп кабаттуу турак үйгө чабуул жасап, андан каза болгондордун саны онго жетти.

Одесса администрациясынын башчысы Олег Кипердин жана Украинанын ички иштер министри Игорь Клименконун маалыматы боюнча, урандылардын астынан куткаруучулар 3 айлык баланын жана анын энесинин сөөгүн табышкан.

Каза болгон тогузунчу адамдын сөөгү урандылардын астынан чыгарылганын жекшемби күнү эртең менен өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлаган.

Ошентип, курмандыктар арасында үч бала бар. Куткаруу иштери уланып жатат, урандылардын астында дагы деле адамдар болушу мүмкүн.

3-март Одессада аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пилотсуз учактын чабуулунан тогуз кабаттуу турак үйдүн бир ыптасы толугу менен талкаланган. Бул үйдөгү 18 батир толук кыйрап, дагы 7 батир жабыркаган.

"Орус аскерлери Одессадагы турак үйгө максаттуу сокку урушту, анын жанында эч кандай аскердик объект жок", дейт Украинанын башкы прокурору Андрей Костин.

"Бул жөн гана аткылоо эмес, бул террор, ал украиналыктарды жок кылууга багытталган саясат. Бул турак үйгө кол салуу... Бул үй адамдар жыш жашаган аймакта жайгашкан", - деди ал "РБК-Украина" булагына.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Одессадагы сокку тууралуу комментарий берип жатып, жай тургундары коргоо үчүн өнөктөштөрдөн абадан коргонуу каражаттары көбүрөөк керек экенин айтты.

Украинанын коргоо күчтөрүнүн маалыматына караганда, 2-мартка караган түнү орус армиясы Одесса облусуна "Шахед" тибиндеги сегиз дрон менен кол салган. Алардын жетөө атып түшүрүлгөн. Орусия бул соккулары боюнча комментарий берген жок.

Дагы караңыз

Көкбөрүчүлөр камсыздандыруу полисин ала баштады Кыргызстан менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Анталияда жолуктуБишкек шаардык кеңеши аймактык реформа маселесин карайт Манжу тилиндеги кыргыздарга тиешелүү 3,5 миңдей архивдик документтер алындыӨткөн жылы 50 миңден ашуун борбор азиялык АКШ чек арасынан өткөнү айтылдыТалаштуу имараттын тургундарына ипотекага салынган үйлөрдөн берилери айтылды