Кыргызстандын көкбөрчүлөрү оюн маалындагы ар кандай кырсыктардан ден соолугун жана өмүрүн камсыздандыра башташты. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Нурлан Максүтов билдирди.
Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынан Чүй облусунун "Сары-Өзөн" командасынын оюнчулары полис сатып алышты.
"Бул азыркы замандын талабы. Эгер оюнчу мелдеш учурунда жаракат алса ага акча төлөнүп берилет. Ар бир команда камсыздандыруудан өтүшү керек. Эми мындан ары полис албагандар мелдештерге катыша албайт", - деди Максүтов.
Анын айтымында, көкбөрчүлөр үчүн полистин эң төмөн баасы 2800 сом, ал эми камсыздандыруу төлөмүнүн суммасы 200 миң сомго чейин жетет.
Вице-президент бул маселе федерацияда көптөн бери талкууланып келатканын кошумчалады.
Буга чейин да улакчылар көк бөрү оюну маалында катуу жаракат алып ооруканага түшүп, айрымдары майып болуп калган учурлар катталган.
Быйыл 5-февралда Ысык-Көлдүн Каракол шаарында көк бөрү боюнча облустук мелдештин жүрүшүндө 24 жаштагы улакчы башынан катуу жаракат алып, комага түшкөн. Ага Ысык-Көл облустук бириккен клиникалык ооруканасында дароо операция жасалып, абалы "өтө оор" деп бааланган болчу.
2022-жылдын октябрында 29 жаштагы Анур Жээнбек уулу Токтогул районунун Совет айылында өткөн көк бөрү оюнунда аттан жыгылып, моюн омурткалары сынып, жүлүнүнө доо кеткен. Ал Түркияда узак дарылануудан өткөн, баса албай калган.
Көк бөрү федерациясы оюнчулардын ден соолугун, өмүрүн сактоо максатында атайын баш кийимдер сунушталганын жана коопсуз тайказандарды көбөйтүү аракеттери жүрүп жатканын билдирүүдө.
Астанада быйыл өтө турган Көчмөндөр оюнуна Көк бөрү киргизилген эмес. Казактар менен кыргыздардын ортосундагы пикир келишпестик тай казандан улам жаралып келатат.
Көк бөрү федерациясынын жетекчиси Рамис Жунусалиев буга чейин "Азаттыкка" өткөн жылдын августунан бери оюндарда жумшак, коопсуз, жаңы варианттагы тай казандар коюла баштаганын, ага урунган көкбөрүчүлөрдүн бири да жаракат албагынын айтып, көп жылдап иштелип чыккан, баасы бир миллион сомдук тай казандар эми ар бир облустун борборуна коюларын билдирген.
Көк бөрү оюнунун азыркы эрежесин 1996-жылы режиссер Болот Шамшиев менен жазуучу Темир Дүйшекеев иштеп чыккан. Оюндагы негизги эреже катары бир командада 12 чабандес 12 ат менен 20 мүнөттөн үч айлампа ойноп, оюн талаасында бир учурда ар бир командадан төрттөн оюнчу чыгары жана улак тайказанга салынары белгиленген.
Ал эреже 2001-жылы түзүлгөн Эл аралык көк бөрү федерациясы тарабынан да колдоо таап, уюмга мүчө Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын өкүлдөрүнүн арасында өлкө аралык мелдештер уюштурула баштаган.
Бул тартип 2013-жылга чейин сакталган. Ошол жылы Астана шаарында көк бөрү боюнча алгачкы Азия чемпионаты ошол эреже менен өткөн.
Ал эми 2014-жылы Казакстан Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясын түзүп, көк бөрүнү "көкпар" деп атаган.
Дагы караңыз
Кыргызстан менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Анталияда жолуктуБишкек шаардык кеңеши аймактык реформа маселесин карайт Денис Петрашовдун эки алтыны. Сууда сүзүүгө эмнеге көңүл бурулбайт? Талаштуу имараттын тургундарына ипотекага салынган үйлөрдөн берилери айтылдыӨткөн жылы 50 миңден ашуун борбор азиялык АКШ чек арасынан өткөнү айтылдыМанжу тилиндеги кыргыздарга тиешелүү 3,5 миңдей архивдик документтер алынды